Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. 13-июлда Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда "Дүйнөнүн Памири – Түбөлүктүү Манас" аттуу XII эл аралык "Манас" маданий туризм фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков катышты.
Фестивалдын алкагында "Манас" эпосун сактоо, жайылтуу жана эл аралык деңгээлде таанытуу, ошондой эле маданий туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле маданият жана туризм тармактарындагы стратегиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар келишимдерге кол коюлуп, "Манас медиа" мобилдик тиркемеси жана "Манас" эпосуна арналган жаңы маданий долбоорлор расмий тааныштырылды.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестивалдын ачылышына 15 миңден ашуун адам катышып, иш-чара 40тан ашык маалымат платформасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Жалпы көрүүчүлөрдүн саны 21,7 миллионго жетти.
Фестиваль 2026-жылдын 20-июлуна чейин уланат. Анын программасында "Манас" эпосун коргоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык форум, маданий мурас көргөзмөлөрү, концерттик программалар жана этномаданий иш-чаралар өткөрүлөт.