Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү уланууда

Коом Загрузка... 12 Март 2026 16:48
hd-17494397028.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, темир жолдун жалпы узундугу 305 чакырымды түзөт. Учурда иштер бир эле учурда бир нече тилкеде жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө төрт ири туннелди казуу иштери башталды. Долбоор боюнча жалпысынан 29 туннель жана 50 көпүрө куруу каралган. Кыш мезгилине байланыштуу бетон куюу иштери убактылуу токтотулганы менен туннелдердин ичиндеги жумуштар үзгүлтүксүз уланууда. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү 6 жылды түзөт. Учурда курулуштун бир жылы артта калды", - деди ал.

Дастан Усубакунов белгилегендей, бардык багыттар боюнча иштер бекитилген графикке ылайык жигердүү жүрүп жатат.