Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧК биргелешкен ишканасынын административдик имараты курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Күн мурун "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрдү.
Анда курулуш-монтаждоо иштеринин учурдагы этабы, долбоордук чечимдердин сакталышы, ошондой эле белгиленген мөөнөттөргө жана курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештиги менен таанышты.
Коопсуздук техникасы маселелерине, инженердик инфраструктуранын абалына жана объекттин кийинки этапка өтүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жума сайын өтүүчү кезектеги кеңешме болуп, анда келип чыккан маселелер талкууланып, аларды чечүү жолдору белгиленди.