Кытай инвесторлору Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачууну пландоодо

Экономика 25 май 2026 16:30
706457356_1401653375314350_5973187941546165490_n.jpg
706483444_1401653355314352_1553806950015360691_n.jpg
707230478_1401653361981018_2717760202795616505_n.jpg
707270295_1401653351981019_8041323451172086303_n.jpg
706101916_1401653365314351_2037111116642579692_n.jpg
706377970_1401653461981008_8689360213023645909_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кытай инвесторлору Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачууну пландоодо. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Гуандунь провинциясынан келген делегация менен жолукту.

Делегация Кыргызстан аймагында бир катар өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкдар экенин билдирди. Алар тигүү тармагы, курулуш материалдарын өндүрүү жана эмерек өндүрүшү боюнча ишканаларды ишке киргизүү ниетин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Темир Сариев өндүрүш объектилерин "Бишкек эркин экономикалык аймагында", ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана башка облустарда жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, делегация Жалал-Абад облусунда мейманкана комплексин куруу боюнча туристтик долбоорду ишке ашырууну да пландап жатканын маалымдады.

Тараптар кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгилеп, өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.