Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жаздын башталышы менен энергетиктер алдыдагы күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштерди баштайт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата капиталдык оңдоо, техникалык тейлөө жана реконструкциялоо иштеринин графиги түзүлүп, керектүү материалдар менен камсыздалып, пландык иш-чаралар киргизилген.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн быйыл 110 кВ чыңалуудагы 10 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугун көбөйтүү, ошондой эле 248 даана трансформатордук көмөк чордонду орнотуу жана алмаштыруу пландалууда.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 216 даана жабдуу оңдолуп, 564 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.