Кышкы туризмди өнүктүрүү. Нарында “Бозо” фестивалы өтүүдө

Аймак 15 Февраль 2026 12:18
634933209_122126270145000753_2813211774000567675_n.jpg
WhatsApp Image 2026-02-15 at 12.31.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-15 at 12.31.33 (1).jpeg
634142373_122126268063000753_1329342331514863105_n.jpg
634154227_122126270181000753_2931891186847868745_n.jpg
634921461_122126267895000753_5370619876831037933_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon www

Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. Нарын облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Бозо” фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада улуттук суусундук болгон бозонун даярдоо ыкмалары жана түрлөрү кеңири чагылдырылууда.

Ошондой эле “Нарын бренди” аталган жергиликтүү азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери келген конокторго тааныштырылып жатат.

Мында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган улак тартыш, салбуурун, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар көрсөтүлүп, иш-чара концерттик программа менен коштолууда.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 13-февралдан 16-февралга чейин уланып, Нарын облусуна ички жана чет өлкөлүк туристтерди тартууну көздөйт.