"Кышкы майрам – 2026": Чоң-Ташта 400дөн ашуун бала эс алды

Коом 01 Февраль 2026 12:25
1769855799.jpeg
1769855806.jpeg
1769855813.jpeg
1769855818.jpeg
1769855829.jpeg
1769855834.jpeg
1769855839.jpeg
1769855844.jpeg
1769855855.jpeg
1769855861.jpeg
1769855865.jpeg
1769855881.jpeg
1769855886.jpeg
1769855893.jpeg
1769855897.jpeg
1769855909.jpeg
1769855915.jpeg
1769855921.jpeg
1769855925.jpeg
1769855943.jpeg
Алдыга
Артка
1769855799.jpeg
1769855806.jpeg
1769855813.jpeg
1769855818.jpeg
1769855829.jpeg
1769855834.jpeg
1769855839.jpeg
1769855844.jpeg
1769855855.jpeg
1769855861.jpeg
1769855865.jpeg
1769855881.jpeg
1769855886.jpeg
1769855893.jpeg
1769855897.jpeg
1769855909.jpeg
1769855915.jpeg
1769855921.jpeg
1769855925.jpeg
1769855943.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. Күн мурун Чоң-Таш тоосунда балдар үчүн кышкы эс алууну активдүү жана пайдалуу өткөрүүгө багытталган «Кышкы майрам – 2026» аттуу спорттук-массалык иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышып, катышуучуларды кышкы майрам менен куттуктап, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана сергек жашоо образын каалашты.

Спорттук майрамга Бишкек шаарынын төрт районунан 13 жаштан 15 жашка чейинки 400дөн ашуун бала катышты. Алардын арасында реабилитациялык борборлордун жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар болду.

Иш-чаранын алкагында дене тарбияны жайылтууга, саламаттыкты чыңдоого жана балдардын социалдашуусуна багытталган кыймылдуу спорттук оюндар жана эстафеталар уюштурулду.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери, иллюзионисттердин көрсөтмө өнөрлөрү жана ар түрдүү интерактивдүү оюндар камтылган кызыктуу маданий-көңүл ачуу программасы тартууланды.

Майрамдын соңунда бардык балдарга эстелик белектер тапшырылып, жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.

Иш-чараны Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Белгилей кетсек, балдар үчүн кышкы спорттук майрам борбор калаада 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет жана  өсүп келе жаткан муундун ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган жакшы салтка айланып калды.