Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бүгүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине кышкы формага өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү.
Мекемеден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө «Ички иштер органдарынын өздүк курамын кышкы кийим кийүүгө өткөрүү жөнүндө» буйруктун талаптары жеке курамга жеткирилип, алардын форма кийүү тартиби, кызматтык даярдыгы жана моралдык-психологиялык абалы текшерилди.
Саптык кароону ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев өткөрүп, кызматкерлердин сырткы келбетинин кызматтык талаптарга шайкештигин өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле тартипти бекем сактоо жана жарандар менен сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.
Кураторлорго ИИМдин талаптарына ылайык төмөнкү тапшырмалар берилди:
— тартип жана мыйзамдуулукту биринчи орунда сактоо;
— жарандар менен маданияттуу жана сылык байланыш түзүү;
— кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоого жол бербөө;
— кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча окутууларды уюштуруу;
— тажрыйбалуу кызматкерлерди насаатчы катары бекитүү;
— жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү.
Иш-чара кышкы мезгилдеги кызматтык милдеттерди сапаттуу деңгээлде аткарууга багытталган.