Бишкек, 03.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор 3-6-май күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.