Кыргызстанга Ливандын даамын алып келген канадалык ишкер

Коом Загрузка... 04 Апрель 2026 12:00
IMG_5069.png
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.04.26. /Кабар/. Ишкер Мохамад Хаймур Бишкекте алгачкы ливан ашканасын ачып, ошол эле маалда жергиликтүү тасманын тартуу иштерине да катышууда.

Ливан ашканасын ачуу идеясы ага кыргызстандык досу аркылуу келген. Өлкөдө мындай ашкана али жок экенин билген соң, Хаймур бул долбоорду дал ушул жерде ишке ашырууну чечкен. Башында чет өлкөдө бизнес ачуу кыйын болот деп ойлогон. Бирок анын айтымында, Кыргызстанда чет элдик ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

Ал Кыргызстанды мүмкүнчүлүктөргө бай жаш өлкө катары баалап, дал ушул себептен бул жерде калып, бизнесин өнүктүрүүнү чечкенин белгилейт.

Ашкананын иштеп баштаганына болгону бир жума болду. Бирок, Канадада бул алардын үй-бүлөлүк бизнеси. Алар бул иш менен өмүр бою алектенип келишет. Хаймур атасынан үйрөнгөн үй-бүлөлүк рецепттерди колдонуп, эми аларды Кыргызстанга алып келген.

“Кыргызстандык досторума бул бизнести баштоого жана ливан тамактарын ушул жерде жасоого мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн абдан ыраазымын”,-дейт Мохамад.

Анын ашканасынын кадимки ашканалардан айырмасы бар. Бул жерде классикалык шаурманын ордуна мини-шаурма жана мини-бургерлер сунушталат. Эт алдын ала маринаддалып, андан кийин бышырылып, жашылчалар жана соустар менен аралаштырылып, мини-шаурмага оролот. Ал “шам-шум” этип алгысы келгендер үчүн абдан ыңгайлуу болуп саналат.

Ишкер бизнесинен сырткары, күтүүсүздөн кино тармагына да аралашып калган. Ал режиссер Адилет Акматов менен таанышып, анын тасмасына катышкан. Мындан тышкары, тажрыйбасы жок болсо да, өзү актёр катары сынап, роль аткарып көргөн.

“Мен буга чейин тасмага тартылып көргөн эмесмин жана өзүмдү бул тармакта элестете да албайт элем. Камеранын алдында туруп, роль ойноо, тасма тартууга катышуу мага дээрлик мүмкүн эместей сезилчү. Бирок, жанымдагы команда жагымдуу жана жеңил атмосфера түзүп бергени үчүн мага оңой болду окшойт. Бул мен үчүн таптакыр жаңы тажрыйба болду жана өзүм да таң калдым. Тасмага кайрадан тартылууну чыдамсыздык менен күтүп жатам”,-деди ал.

Келечекте Хаймур кино тармагында кызматташууну улантып, боевик жанрындагы жаңы тасмалардын үстүндө иштөөнү пландап жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ресторандык бизнесин да кеңейтүүнү көздөйт.