Кыргызстанга Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Коом
IMG_8589.JPG.jpeg
IMG_8588.JPG.jpeg
IMG_8590.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8589.JPG.jpeg
IMG_8588.JPG.jpeg
IMG_8590.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөр Самарканд шаарында "Борбор Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын (EXIM Bank) мүмкүн болгон катышуусу менен каржылоо шарттарына, ошондой эле техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду.