Кыргызстанга акча которуулар азайды, бирок өсүш кайра жанданышы күтүлүүдө

Экономика Загрузка... 13 Май 2026 14:58
WhatsApp_Image_2026_JpIeyjr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макроэкономикалык баяндамасында январь-февраль айларында Кыргызстанга акча которуулар бир аз азайганы белгиленген. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга азайган.

"Акча которуулардын кыскарышы Россияда жыл башында экономикалык активдүүлүктүн солгундаганына байланыштуу", - деп белгилешет талдоочулар.

Бирок, Евразия өнүктүрүү банкы 2025-жылга карата статистиканы келтирип, орточо айлык жылдык өсүш 20 пайыздан ашканын белгилейт. "2026-жылдын калган айларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кайрадан өсөт деп күтөбүз. Бул Кыргызстандын экономикасындагы ички суроо-талапты колдоого алат", – деп айтылат баяндамада.