Кыргызстандын жарандык авиациядагы аракеттери жогору бааланды

Коом Загрузка... 19 Ноябрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-11-19 at 08.30.42.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Улуттук жарандык авиация агенттигинин башкы директорунун орун басары Фабио Никола менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда тараптар тиешелүү меморандумга кол коюу аркылуу эки өлкөнүн авиациялык агенттиктери ортосундагы кызматташтыкты орнотуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Фабио Никола кыргыз тараптын жарандык авиация, анын ичинде аэропортторду жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү жаатындагы аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле ал италиялык тараптын бул жаатта кызматташууга кызыкдарлыгын ырастады.