Кыргызстандын жарандары топтомо пенсияны кайсы учурда ала алышат?

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 12:24
619828014_1294529652720440_1052940014476689911_n.jpg
copyright icon ЖИ

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Социалдык фонд Кыргызстандын жарандарынын топтомо пенсиялык каражаттарын алуунун жолдорун айтып берди.

Ага ылайык, жарандар жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү

Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда

Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

Мураскорлор

Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

Аскер кызматкерлерине төлөө

Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

Ипотекалык насыялоо

Ипотекалык насыя алып жаткан же алган адамдарга жана жубайларына турак жай үчүн өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун бир жолудан пайдалануу укугу берилет. Бул мүмкүнчүлүк ислам каржылоо принциптерине ылайык — мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө жолу менен турак жай сатып алган жарандарга да тиешелүү.
Мындан тышкары, үлүштүк турак жай курулушуна катышкан, ошондой эле курулуш субъекттери тарабынан салынган даяр объектилер боюнча бөлүп төлөө келишиминин негизинде төлөмдөрдү жүргүзүп жаткан жарандар өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун бир нече жолу — колдонулуп жаткан төлөмдөрдү жабууга же баштапкы төлөмдү төлөөгө пайдаланууга укуктуу.

Жумушсуздук

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Оор ооруларды дарылоо

Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмесине төмөнкулөр кирет:

  1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
  2. Кан оорусу:
    - курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
    - апластикалык аз кандуулук;
    - гемофилия.
  3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
    - пайда болгон же тубаса жүрөк кемтиги;
    - жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
    - жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу:
    - анын ичинде өнөкөт аневризми,
    - жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
    - операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
    - облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
  4. Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:
    - В жана С гепатиттери – 4-5-стадиялар;
    - органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.
  5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.