Кыргызстандын жарандары Сербияга визасыз бара алышат – ТИМ

Коом Загрузка... 12 Март 2026 13:33
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кенештин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим боюнча башка өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу тышкы саясий иштин бир бөлүгү экенин билдирди.

Ал Сербия менен бул багытта ийгиликтер жаралганын жана Кыргызстандын жарандары эми бул өлкөгө визасыз бара алышарын баса белгиледи.

Ошондой эле Имангазиев кыргызстандыктарга ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, виза режимин жеңилдетүү дипломатиялык аракеттерден гана эмес, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнөн, коопсуздук маселелеринен жана башка эл аралык критерийлерден да көз каранды.

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргызстандын паспорту коопсуздуктун эл аралык стандарттарына жооп берет жана аны жасалмалоо мүмкүн эмес. Бул жагдай эл аралык майданда кыргыз паспортуна болгон ишенимди жогорулатууда.