Кыргызстандын ушу-саньда боюнча курамасы Азия кубогунда 4 медаль утту

Спорт 08 Июль 2025 09:33
515808506_18363344173196946_6573745202360287979_n.jpg
518188063_18363344164196946_8558456119059550522_n.jpg
505202422_18363344155196946_5525899924517891482_n.jpg
516650065_18363344143196946_4564323092897004613_n.jpg
516533248_18363344134196946_4443147729619140050_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия кубогунда 2 алтын жана 2 коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 2-7-июль күндөрү Кытайдын Жилин шаарында өтүп, курама команда башкы машыктыруучу Тагайбек Өмүржановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Алтын медалдын ээлери:
+90 кг Каримжон Балтабаев;
85 кг Темирлан Аманкулов.

Коло медалдын ээлери:
65 кг Кадырбек Эрмамат уулу;
80 кг Жумадыл Камбар уулу.