Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Бишкек шаарына Япониянын Айти-Нагоя шаарында өткөн Азия Пара оюндарына катышкан дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын спортсмендери кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчуларды “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, Азия Пара оюндары 2026-жылдын 18–24-октябрь күндөрү Япониянын Айти-Нагоя шаарында өттү. Айбийке Уланбек кызы Азия Пара оюндарында дзюдо боюнча алтын медаль жеңип, оюндун чемпиону болгон. Ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалдык баскычтан баштап япониялык Юуй Фудзивараны “иппон” ыкмасы менен жеңген.