Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Балбан Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатында спортчу 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медаль үчүн болгон беттеште кытайлык балбан Халишан Бахежиан менен бет келди.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин 77 кг салмак категориясында катышып келген болсо, бул жолу 82 кг чейинки салмакта күч сынашты.