Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын Намдинь шаарында жергиликтүү команда менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
"Улуттук курама 14-ноябрда Кытайлык Тайбэйдин командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, атаандашын 3:0 эсебинде жеңген", - деп айтылат маалыматта.
Ноябрь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында өтүп жаткан бул оюндар Кыргызстандын курамасынын расмий мелдештерге даярдыгын күчөтүүгө багытталган.
Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ, УТРК Спорт, 27-канал жана ЭлТР телеканалдарынан түз эфирде көрүүгө болот.