Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов баштаган 22 балбан күч сынашат

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов баштаган 22 балбан күч сынашат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. 24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат.

Мелдеште 22 спортчу Кыргызстандын намысын коргойт.

Анын ичинде:

Грек-рим күрөшү боюнча 10 балбан:

  • Кутман Калбаев - 55 кг чейинки салмакта;
  • Курманбек Жапаров - 60 кг чейинки салмакта;
  • Афтандил Таалайбек уулу - 63 кг чейинки салмакта;
  • Раззак Бейшекеев - 67 кг чейинки салмакта;
  • Амантур Исмаилов - 72 кг чейинки салмакта;
  • Ырыскелди Максатбек уулу - 77 кг чейинки салмакта;
  • Акжол Махмудов - 82 кг чейинки салмакта;
  • Азат Салидинов - 87 кг чейинки салмакта;
  • Үзүр Жусупбеков - 97 кг чейинки салмакта;
  • Илхам Токтаев - 130 кг чейинки салмакта.

Эркин күрөш боюнча 8 балбан:

  • Абдымалик Карачов - 57 кг чейинки салмакта;
  • Асан Өмүрбек уулу - 61 кг чейинки салмакта;
  • Тайырбек Жумашбек уулу - 65 кг чейинки салмакта;
  • Эрназар Акматалиев - 70 кг чейинки салмакта;
  • Орозобек Токтомамбетов - 74 кг чейинки салмакта;
  • Жакшылык Байташов - 79 кг чейинки салмакта;
  • Малик Шаваев - 86 кг чейинки салмакта;
  • Яков Чаплин - 92 кг чейинки салмакта.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан:

  • Гүлнур Таштанбекова - 65 кг чейинки салмакта;
  • Мээрим Жуманазарова - 68 кг чейинки салмакта;
  • Нурзат Нуртаева - 72 кг чейинки салмакта;
  • Айпери Медет кызы - 76 кг чейинки салмакта.