Кыргызстандын улуттук павильону Япониядагы көргөзмөдө Gold Award сыйлыгына татыды

Коом Загрузка... 13 Октябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 13.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын улуттук павильону Осака шаарында өткөн Дүйнөлүк ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, сыйлык Empowering Lives номинациясында адам потенциалын, билимдин күчүн, маданий байлыгын жана коомдун туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын көрсөткөн мыкты экспозиция үчүн берилди.

Иш-чарага 169 өлкө катышкан. Анын ичинен Кыргызстан өзүнүн жогорку чыгармачылык деңгээлин, терең маанини жана көргөзмөнүн “Биздин жашообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо” темасын ачып көрсөткөн 19 алтын медаль алгандардын бири болду.

Кыргызстандын павильону өзгөчө дизайны, салттуу баалуулуктар менен технологиялык чечимдердин гармониялуу айкалышы жана чыгармачылыкка, инсандык өнүгүүгө дем берген күчтүү гуманисттик билдирүүсү менен таанылганын эл аралык калыстар тобу белгилешти.

Бул абройлуу сыйлык Кыргызстан өзүн өзгөчө маданияты, жогорку адамдык потенциалы, келечекти түзүүдө активдүү позициясы бар өлкө катары таанылып жатканынын ачык ырастады.