Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, анын ичинде сезондук жашылча-жемиштерди, ошондой эле текстиль продукцияларын Беларустун рыногуна жеткирүү механизмдерин талкуулашты.
Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жана Кыргызстанда белорус жабдууларын жыйноочу өндүрүштү ачуу маселелерин кеңири талкуулашты. Беларустун ири өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Ошону менен бирге жакынкы айларга белгиленген кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктын жүрүшү талкууланды.