Бишкек, 16.04.25./Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 16-19–апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандарды бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат.
Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүүнү сунуштайт.