Кыргызстандын тоолуу аймактарында күн электр станциялары курулушу мүмкүн

Коом 23 январь 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.20.04.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык инвестициялык-девелопердик Vantagion terra group limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө күн энергетикасы тармагындагы инвестициялык кызматташтык, анын ичинде Кыргызстандын тоолуу жана алыскы аймактарында энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

«Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биз энергия менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда туруктуу жана заманбап долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү эл аралык өнөктөштөрдү тартууга кызыкдарбыз», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Vantagion terra group limited — кайра жаралуучу энергия булактарынын инфраструктурасын түзүүгө адистешкен эл аралык инвестициялык-девелопердик платформа болуп саналат жана күн, шамал электр станцияларын инвестициялоодон тартып куруу, ошондой эле эксплуатациялоого чейин долбоорлордун толук циклин ишке ашырат.