Орозбеков Индиянын элчиси менен ШКУ алкагындагы иш-чараларды талкуулады — Кабар

Орозбеков Индиянын элчиси менен ШКУ алкагындагы иш-чараларды талкуулады

Саясат 7 апрель 2026 18:18
690a828f-0c6e-47d5-921a-3a19c7c8f5b6.jpeg
011e9d5c-5fa3-45ba-8621-3c979f9b2418.jpeg
e2551836-9da0-4485-92a1-1bbfc401dd23.jpeg
Алдыга
Артка
690a828f-0c6e-47d5-921a-3a19c7c8f5b6.jpeg
011e9d5c-5fa3-45ba-8621-3c979f9b2418.jpeg
e2551836-9da0-4485-92a1-1bbfc401dd23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 07.04.2026. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.

Кыргыз-индия кызматташтык маселелери жана Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өткөрүлө турган алдыдагы иш-чаралардын графиги, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу талкууланды.

Адилет Орозбеков менен Бирендер Сингх Ядав эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.