Кыргызстандын шайлоодогу санариптик технологиялары Венгриянын кызыгуусун жаратты

Коом 675 23 Январь 2026 16:16
619544404_1302831575220165_57176461641591945_n.jpg
620164728_1302831411886848_7564188612063936287_n.jpg
618554968_1302831555220167_8896904893439160909_n.jpg
619107513_1302832011886788_731025772161354800_n.jpg
Алдыга
Артка
619544404_1302831575220165_57176461641591945_n.jpg
620164728_1302831411886848_7564188612063936287_n.jpg
618554968_1302831555220167_8896904893439160909_n.jpg
619107513_1302832011886788_731025772161354800_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту.

Боршайкомдон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстери жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Шандор Дороги Венгрия Кыргызстандын шайлоо процессинде алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу усулун, ошондой эле гендердик квотаны киргизүү жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда 2026-жылдын 12-апрелинде Венгрияда өтө турган парламенттик шайлоого карата Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинде алардын жарандары үчүн шайлоо тилкесин уюштуруу маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Айдана Жупуева БШК өз ыйгарым укуктарынын алкагында уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Шандор Дороги Венгрияда өтө турган парламенттик шайлоодо эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстандын өкүлдөрүн катышууга чакырды.

Айдана Жупуева Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө активдүү катышуу ниетин билдирип, эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү маанилүү экендигине токтолду.