Кыргызстандын ооруканаларына 100 жаңы унаанын ачкычы тапшырылды

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын медициналык мекемелерине 100 жаңы Chevrolet Tracker унаасын тапшыруу аземи өттү. Жаңы кызматтык унаалар борбор калаанын саламаттык сактоо уюмдарына, ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарындагы ооруканаларга жөнөтүлөт.

Расмий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Адылбек Касымалиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө президент Садыр Жапаровдун атынан медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ата мекендин башкы байлыгы – анын эли экенин белгиледи.

"Элдин ден соолугу чың болгон жерде мамлекеттин кубаты чыңдалат, экономика өнүгөт жана эртеңки күнгө болгон ишеним артат. Сиздердин эмгегиңиздер – бул адам өмүрү үчүн күнүмдүк күрөш, коом дал ушул медицина кызматкеринин кесибине өзгөчө ишеним көрсөтөт. Саламаттык сактоо тутумуна багытталган ар бир сомду биз чыгаша эмес, өлкөбүздүн келечегине жасалган узак мөөнөттүү инвестиция катары карайбыз. Маселен, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоо 21,5 млрд сомду түзсө, 2025-жылга карата ал 2,4 эсеге өсүп, 52 млрд сомго жетти", – деди ал.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен медицина кызматкерлеринин ыкчамдыгы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

"Алыскы жана бийик тоолуу райондорго жөнөтүлгөн ар бир унаа жүздөгөн чакырым жолду кыскартып, миңдеген адамдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Эң башкысы – бул адам өмүрүн өз убагында сактап калууга мүмкүндүк берет", – деди минкаб башчысы.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов белгилегендей, кызматтык унаалар бардык аймактык ооруканаларга жеткирилип, муну менен аймактардагы медициналык мекемелерге өзгөчө артыкчылык берилүүдө.