Кыргызстандын курамасы III Азия оюндарына жөнөтүлдү

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын 22-октябрынан 31-октябрына чейин Манама шаарында (Бахрейн Падышалыгы) өтүүчү III Азия жаштар оюндарына спортчуларды узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Улан Майрамбековго мамлекеттик тууну тапшырды.

Ал өз сөзүндө жалпы Кыргызстан эли үчүн спортчуларды Азия оюндарына узатуу чоң сыймык экенин белгиледи.

"Өлкөбүздүн мамлекеттик туусун силерге тапшырып, III Азия жаштар оюндарында сиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Азыр биз спортчуларга “алтын” алып кел дебей, жеңиш менен келгиле деп калганбыз. Жеңиштер болсун, жеңиштер менен менен кайтып келесиздер деген үмүттөбүз. Кыргызстаныбыздын желегин желбиретип, ийгиликтерди багынтып келүү үчүн атайын жолго чыгып жатасыздар. Мен сиздерди көрүп кубанып, сыймыктанып турам. Силердин араңарда келечектеги чемпиондор отурат. Эгер силер өзүңөрдүн машыктыруучуларыңарды угуп, машыгууну калтырбай, дисциплинаны сактасаңар ийгиликке жетишесиңер. Анткени, булардын бардыгы чоң эмгек. Бардык чемпиондор кайталап айткандай, спортчу үчүн эң негизгиси эмгек жана дисциплина маанилүү", - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары сөзүнүн аягында 145 спортчунун III Азия жаштар оюндарына аттанып жатканы өлкө үчүн жакшы көрсөткүч экенин белгилеп, бардык спортчуларга жана машыктыруучуларга ийгилик каалады.

Эске салсак, II Азия жаштар оюндары 2013-жылы Кытай Эл Республикасында өтүп, ага 14 спортчу спорттун 6 түрү менен катышкан. Быйылкы жылы 145 спортчу спорттун 15ке жакын түрү менен катышмакчы.