Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна даярдык көрө баштады

Спорт Загрузка... 25 Май 2026 11:25
IMG_2978.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки команданын алдыдагы беттештерге жана Азия кубогу — 2027 турнирине көрүп жаткан даярдыктары тууралуу айтып берди.

Просинечкинин айтымында, машыктыруучулар штабы тайпадагы бардык атаандашты, анын ичинде Сирия, Иран жана Кытай курама командаларын талдап жатат. Өзгөчө көңүл Кытай курамасынын курамына жана оюн стилин изилдөөгө бурулууда.

"Албетте, биз өзүбүздүн тайпадагы бардык улуттук курама команданы талдап жатабыз. Сентябрь айында бизди эки маанилүү беттеш күтүп турат, ошондуктан ар бир атаандашты кунт коюп үйрөнүүдөбүз", — деп белгиледи Просинечки.

Ошондой эле башкы машыктыруучу Сирия курамасы күчтүү команда экенин баса белгиледи. Кыргызстандык тарап бул атаандаш тууралуу кошумча маалыматтарды Сириянын Бахрейн жана Түркия курамаларына каршы өткөрө турган жолдоштук беттештеринен кийин алууну көздөп жатат.

Машыктыруучу команда алдыдагы оюндарга жаракатсыз жана толук кандуу даярдыкта келет деген үмүтүн билдирди.