Пара Азия оюндары: Кыргызстандык дзюдочу алтын медаль жеңди

Спорт
Пара Азия оюндары: Кыргызстандык дзюдочу алтын медаль жеңди
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында чемпион болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 52 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда япониялык Юуй Фудзивараны иппон ыкмасы менен жеңди.

Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу Индиянын өкүлү Кокила Каушиклатени 21 секундда иппон ыкмасы менен утуп, алтын медалга ээ болду.

Белгиленгендей, Азия Пара оюндары 24-октябрга чейин уланат.