Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында коло медаль тагынды

Спорт 29 сентябрь 2026 13:25
Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында коло медаль тагынды
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кураш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) Азия оюндарында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спортчу алгачкы беттешинде Афганистандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу Ирандын өкүлү Вахид Бариманлоуга 0:3 эсебинде утулуп, мелдешти үчүнчү орунда жыйынтыктады.