Кыргызстандын калыстары XX Азия оюндарынын арбитрлеринин курамына кирди

Спорт 6 октябрь 2026 15:35
photo_53440714.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_53440714_LaGXvLR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_53440714_UX47FPf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_53440714_zs7csIg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_53440714_xsqqQVi.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык футбол калыстары Медербек Тайчиев, Вероника Бернацкая жана Исмаил Талипжанов Япониянын Айти жана Нагоя шаарларында өткөн XX Азия оюндарында футбол боюнча мелдештерди ийгиликтүү тейлеп жыйынтыкташты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы футбол мелдештери 2026-жылдын 14-сентябрынан 3-октябрына чейин, ал эми аялдар арасындагы мелдештер 14-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн. АФКнын тизмесине кирген мекендештерибиз турнирдин жүрүшүндө бир катар жооптуу беттештерди жогорку деңгээлде башкарышты.

Айрыкча, Медербек Тайчиев башкы калыс, Исмаил Талипжанов жардамчы калыс катары маанилүү оюн этаптарын тейлесе, Вероника Бернацкая аялдар арасындагы мелдештерде башкы калыс милдетин аткарып, ал тургай финалдык беттеште видеокалыстын жардамчысы (AVAR) кызматын ийгиликтүү аткарды.