Кийинки XXI Азия оюндары Дохада өтөт

Спорт 5 октябрь 2026 10:00
IMG_8284.png
IMG_8283.png
IMG_8285.png
IMG_8286.png
Алдыга
Артка
IMG_8284.png
IMG_8283.png
IMG_8285.png
IMG_8286.png
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Япониянын Айти префектурасында жана Нагоя шаарында кечээ XX Азия оюндарынын расмий жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өткөн мелдештерге Азиянын 45 өлкөсүнөн 11 миңге жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын курама командасынын курамында 168 спортчу жана 58 машыктыруучу болуп, алар спорттун 30 түрү боюнча медалдар үчүн ат салышты.

Жабылыш аземинде Азия оюндарынын расмий туусу Катар өлкөсүнүн өкүлдөрүнө тапшырылды.

Кийинки, XXI Азия оюндары 2030-жылы Доха шаарында өтөт.