Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын мурдагы президенти Эдил Бейшенбаев өлкөдө дзюдо менен машыккандардын жана бул спортко кызыккандардын саны өсүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк дзюдодо спортчуларды, машыктыруучуларды жана бул спорттун күйөрмандарын бириктирген "дзюдо үй-бүлөсү" деген түшүнүк бар.
"Дзюдо менен алектенгендердин так саны жок, бирок “дзюдо үй-бүлөсү” деген түшүнүк бар. Өлкөбүздө дзюдонун 11 миңден ашуун күйөрманы бар. Алардын саны көп жана өсүп жатат. Кыргызстанда бул спортту жайылтуу иштерин баштадык", — деди Бейшенбаев.
Ал федерацияны жетектеп турган мезгилде Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF), анын президенти Мариус Визердин жана Азия дзюдо союзунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. Тараптар федерацияны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашкан.
"Кыска убакыттын ичинде колдон келгендин баарын жасоого аракет кылдык. IJF жана Азия дзюдо союзу менен жолугушууларды өткөрдүк. Биздин колдоочуларыбыз көп, ошондуктан Улуттук дзюдо федерациясынын жаңы президенти Тимур Сергеевич тынчсызданбашы керек. Дзюдо үй-бүлөсү абдан меймандос, ар бир президентти баалап, ага аяр мамиле кылат", — деди ал.
Бейшенбаев июнь айында федерациянын президенти болуп шайлангандан кийин негизги милдеттеринин бири дзюдо коомчулугун бириктирүү болгонун айтты.
"Мен Дзюдо федерациясын бириктирүүгө аракет кылдым жана бул максатыма жеттим деп эсептейм. Бир үстөлгө отуруп, маселелерди талкуулап, аларды чечүү боюнча конструктивдүү кадамдарды аныктадык", — деди федерациянын мурдагы жетекчиси.
Ал мындан аркы милдеттер тууралуу айтып жатып, жаңы жетекчилик улуттук курама командага өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.
"Бизде мыкты спортчулар бар. Жаңы президент негизги көңүлдү улуттук курама командага бурушу керек деп эсептейм. Тимур Сергеевичтин жетекчилиги алдында курама команда Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алат деп үмүттөнөм", — деди Бейшенбаев.
Ал кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеровго өзгөчө үмүт артып жатканын белгиледи.
"Эрлан Шеров — биздин лидерибиз, федерация андан чоң үмүт артат. Эрландын колунан баары келет жана ал Олимпиаданын алтын медалын утуп алат деп ишенебиз. Ага ийгиликтерди каалайм", — деди Бейшенбаев.
Эске салсак, 21-сентябрда "Бакай Банктын" башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимов Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын жаңы президенти болуп шайланган.