Кыргызстандын банктарында аманаттардын көлөмү 880 млрд сомго жетти

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 16:50
9.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы топтолгон аманаттардын (депозит) көлөмү 880 млрд сомду түздү, бул ИДПнын болжол менен 45 пайызын түзөт. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык маалыматында айтылат.

"Депозиттик базанын 64 пайызы улуттук валютадагы каражаттарды тартуунун эсебинен калыптанган. Мөөнөтү боюнча түзүмүндө алыш-бериш эсептери басымдуулук кылат, бул 44 пайыз, талап кылынганга чейинки аманаттар 24 пайызды, ал эми мөөнөттүү депозиттер жалпы көлөмдүн 32 пайызын түзөт", - деп эсептешет банктын аналитиктери.

Серепчилер белгилегендей, депозиттик базанын, биринчи кезекте улуттук валютадагы аманаттардын көбөйүшү сомдун туруктуулугун, финансы секторунун жана жалпы эле экономиканын бекемдигин айгинелейт.

Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү оң нукта баратат жана бул динамика жарандарды өздөрүнүн топтоолорун көбөйтүү үчүн акчаларын банктарга салууга шыктандырууда.