Кыргызстандын кайсы аймактарында катуу суук болот? Өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 10:20
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.22.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. 19-январда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Таласта түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суук болушу мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.