Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү.
Белгиленгендей, ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13,6 пайызга, кызмат көрсөтүү тармагынын өсүү темпи 6,7 пайызга, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 7,5 пайызга жогорулады.
"ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш (49,9 пайыз) кызмат көрсөтүү тармагына туура келип, мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 4,1 пайызга тѳмѳндѳгѳн. Ошол эле учурда товар өндүрүү тармагынын үлүшү тескерисинче 2,6 пайызга жогорулап, 31,1 пайызды түздү. Мында өнөр жайдын үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайызга жогорулаган, курулуш 0,3 пайыздык пунктка, ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн", - деп айтылат маалыматта.