Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү 2030-жылга чейин мурда белгиленген пландык багыттардан ашып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн брифингде экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Анын айтымында, бекитилген 30 млрд долларлык планга карабастан, учурдагы динамика кыйла оптимисттик божомолдорду берүүгө мүмкүндүк берет.
"Биздин алдын ала эсептөөлөрүбүзгө ылайык, биз бул көрсөткүчтөн ашабыз. 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмү болжол менен 31-32 млрд долларды түзүшү толук мүмкүн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин ИДП 2 трлн сомго жакын көлөмдө калыптанды, ал эми калктын жан башына түшкөн ИДПнын көрсөткүчү 3 миң долларлык чекке жетти", – деп баса белгиледи ал.
Үстүбүздөгү 2026-жылга карата пландар тууралуу айтып жатып, Чоро Сейитов ведомство экономикалык өсүштү 8,5-8,6 пайыз деңгээлинде прогноздоп жатканын белгиледи. Оң динамика экономиканын бардык секторлорунун эсебинен колдоого алынары күтүлүүдө.
2026-жылдагы өсүштүн негизги драйверлери:
- курулуш;
- тейлөө чөйрөсү;
- өнөр жай жана кайра иштетүү сектору;
- транспорт жана логистика.