Кыргызстандын гумжардамы Иранга расмий өткөрүлүп берилди

Коом Загрузка... 07 Апрель 2026 18:55

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын гумжардамы Иранга өткөрүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктү кабыл алуу иштери бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, жалпы көлөмү 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам Иранга ӨКМдин 7 унаасы менен 3-апрелде Кыргызстандан жөнөп кеткен.