Кыргызстандын геологиялык картасынын атласын чыгаруу пландалууда

Коом Загрузка... 11 Март 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын геологиялык карталарынын атласын чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Бүгүн аталган долбоор боюнча экинчи жумушчу кеңешме өттү. Атлас аймактын геологиялык түзүлүшүн, анын геофизикалык өзгөчөлүктөрүн жана минерогендик потенциалын кеңири чагылдырган комплекстүү илимий-картографиялык басылма болмокчу.

Долбоор атласты орус жана англис тилдеринде эки томдон чыгарууну карайт, бул басылманы эл аралык аудиторияга, окумуштууларга жана инвесторлорго жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет.

Атласты түзүү өлкөнүн геологиялык потенциалын даңазалоо, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана кен казуу тармагынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.

"Долбоор өлкөнүн илимий жана стратегиялык потенциалын бекемдеп, геологиялык-өнөр жай комплексин узак мөөнөттүү өнүктүрүү жана эл аралык илимий коомчулукка интеграциялоо үчүн негиз түзөт", - деп айтылат маалыматта.