Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын фармацевтика тармагын модернизациялоо боюнча БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) эл аралык эксперттик миссиясы өтүүдө.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 10-12-мартка пландалган бул иш-чара ата мекендик дары-дармек өндүрүшүнө эл аралык GMP (тиешелүү өндүрүш практикасы) стандарттарын киргизүүгө багытталган. Ага ылайык ЮНИДОнун эксперттери ата мекендик ишканаларга барып, өндүрүш процесстерин баалоодон өткөрүшүүдө.
Миссия 2025-2029-жылдарга каралган өлкөлүк программанын алкагында уюштурулуп, фармацевтика секторун өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыты катары карайт.
GMP стандарттарын киргизүү дарылардын сапатын гана жогорулатпастан, кыргыз өндүрүүчүлөрүнө ЕАЭБ жана эл аралык рынокторго чыгууга жол ачат.
Жумушчу семинардын жүрүшүндө ишканалардын даярдык деңгээли талкууланып, модернизациялоо үчүн зарыл болгон кадамдар аныкталды. Миссиянын жыйынтыктоочу жолугушуусу 12-мартта өтүп, анда Кыргызстандын фармацевтикалык потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү демилгелер кабыл алынат.
Белгиленгендей, бул кадам өлкөнү сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо жана фармацевтикалык көз карандысыздыкты бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ.