Кыргызстандын элчиси Катар эмирине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат Загрузка... 20 Май 2026 14:15
044dc64d-4b2e-353d-9af8-a3129d69c07f.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Дохада Кыргызстандын Катардагы элчиси Айбек Токтоболотов Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге ишеним грамотасын тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, аземдин жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси президент Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого, анын ичинде саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө басым жасай турганын белгиледи.

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары активдүү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун ырастады. 2023-жылдын июнь айында анын мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусун өзгөчө жылуу маанай жана канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде элчи Айбек Токтоболотов эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду андан ары кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык спектри боюнча ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө толук даяр экенин билдирди.

Катардын эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстандын элчисине эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттеринде ийгиликтерди каалады.