Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын каржы системасы 2025-жылдын аягына чейин туруктуулукту, күчтүү өсүштү жана масштабдуу санариптик трансформацияны көрсөттү.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, тышкы экономикалык кыйынчылыктарга жана бүткүл аймактагы инфляциялык басымга карабастан, кылдат акча-кредит саясаты өлкөдөгү инфляцияны бир орундуу санда кармап турат.
“Базалык инфляция 6,6%ды, жылдык инфляция декабрда 9,4%ды түздү, орточо жылдык инфляция 8,2% деңгээлинде сакталды. Эл аралык резервдердин өсүшү Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоонун негизги фактору болду. Өлкөнүн дүң эл аралык резервдери 2024-жылга салыштырмалуу 69% га өсүү менен 8,6 млрд долларды түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти”,-деп айтылат маалыматта.