Кыргызстандын БУУдагы тынчтык демилгеси жогору бааланды

Саясат Загрузка... 29 Май 2026 09:40
708254989_1413491790814327_5222915357075976236_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербок менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, глобалдык коопсуздуктун заманбап чакырыктарын, туруктуу өнүгүүнү, көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоону жана эң курч саясий жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдөгү БУУнун ролун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын төрайымына Кыргызстандагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ишке ашырылып жаткан өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн, инвестициялык климаттын жакшырышын, ошондой эле ири инфраструктуралык жана аймактык долбоорлордун илгерилетилишин белгиледи.

710203656_1413491827480990_6540650839625583353_n

Мындан тышкары, Борбор Азиядагы аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, транспорттук, энергетикалык жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Өз кезегинде Анналена Бербок Кыргызстандагы экономикалык өнүгүүнүн динамикасына жогору баа берип, эл аралык коомчулук олуттуу саясий жана экономикалык чакырыктарга туш болуп жаткан шартта бул өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Ошондой эле ал Борбор Азиядагы бардык көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу боюнча жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну башка өлкөлөр үчүн үлгү боло турган көрүнүш катары баалады. Бул өңүттөн алганда ал Кыргызстан тарабынан демилгеленип, БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан консенсус аркылуу кабыл алынган "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу" резолюциясынын кабыл алынышын кубаттады.