Кыргызстандын БУУдагы талапкерлиги дүйнөлүк деңгээлде колдоо табууда — Кабар

Кыргызстандын БУУдагы талапкерлиги дүйнөлүк деңгээлде колдоо табууда

Саясат 19 апрель 2026 12:20
674252756_1531771768957452_6056009592522984999_n.jpg
677100847_1531771638957465_6725754235664391590_n.jpg
675421547_1531771605624135_4789302359005891400_n.jpg
677760535_1531771595624136_4203230657288010170_n.jpg
676194113_1531771532290809_2916135537745359715_n.jpg
673547492_1531771535624142_1176964702705585954_n.jpg
673642498_1531771538957475_8798100684508468039_n.jpg
Алдыга
Артка
674252756_1531771768957452_6056009592522984999_n.jpg
677100847_1531771638957465_6725754235664391590_n.jpg
675421547_1531771605624135_4789302359005891400_n.jpg
677760535_1531771595624136_4203230657288010170_n.jpg
676194113_1531771532290809_2916135537745359715_n.jpg
673547492_1531771535624142_1176964702705585954_n.jpg
673642498_1531771538957475_8798100684508468039_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 19.04.26 /Кабар/. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча президенттин атайын өкүлү катары чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

Атап айтканда, төмөнкүлөр менен сүйлөшүүлөр болду:

  • Эль-Сальвадордын вице-президенти Феликс Уллоа;
  • Сьерра-Леоненин премьер-министри Давид Моинина Сенгех;
  • Коста-Риканын тышкы иштер министри Арнольдо Андре;
  • Руанданын тышкы иштер министри Оливер Ндухунгирехе;
  • Бангладештин премьер-министринин атайын өкүлү Хумаюн Кабир;
  • Африка биримдигинин төрагасынын атайын өкүлү Амбдивели Мохамед Али;
  • Замбия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Муламбо Хаимбе;
  • Уганданын тышкы иштер министри Одонго Жедже Абубакар;
  • Сан-Томе жана Принсипинин тышкы иштер, кызматташтык жана жамааттар иштери боюнча мамлекеттик министри Ильза Мария дос Сантос Амадо Ваз;
  • Люксембургдун тышкы иштер министри Ксавье Беттель. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү перспективалары талкууланды. Саясий диалогду чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Азамат Кадыралиев өнөктөштөргө Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган ири реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. 

Мындан тышкары, эки жактуу алакалардын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелери өзүнчө каралды. 

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле глобалдык жана регионалдык деңгээлдерде биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.