Кыргызстандын Борбордук Америка жана Африка менен өнөктөштүгү талкууланды — Кабар

Кыргызстандын Борбордук Америка жана Африка менен өнөктөштүгү талкууланды

Саясат 11 март 2026 10:22
afea9162-8dbb-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
395261a1-a40d-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ba89a845-30ef-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
afea9162-8dbb-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
395261a1-a40d-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ba89a845-30ef-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Гватемаланын вице-президенти Карин Эррера жана Конгонун премьер-министри Жудит Суминва Тулука менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу Нью-Йоркто БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын сессиясына катышуунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Эдил Байсалов Кыргызстан Борбордук Америка жана Африка мамлекеттери менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Мындан тышкары, Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында Эдил Байсалов "Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук" аттуу жогорку деңгээлдеги жыйынга жана БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын башка параллелдүү иш-чараларына катышты. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигинин атынан чет мамлекеттердин элчилери үчүн ооз ачар берди.