Кыргызстандын белгилүү спорттук кийимдер бренди Беларусь рыногуна чыгууну пландаштырууда

Экономика Загрузка... 04 Апрель 2025 15:20
copyright icon Эрбол Султанбаевдин Facebook баракчасынан

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кыргызстандык компанияларды Беларусь рыногуна чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Минск шаарында ата мекендик ири өндүрүүчүлөрдүн бири – спорттук кийимдерди жана бут кийимдерди өндүрүүчү Bigser Sport компаниясы өз ишмердигинин бет ачарын жасады, деди элчи Эрбол Султанбаев.

Анын айтымында, иш-чарага Bigser Sport компаниясынын өкүлдөрү, Беларусь Тышкы иштер министрлигине караштуу Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борборунун, спорттук федерациялардын жана ассоциациялардын, ошондой эле спорттук клубдардын жетекчилери катышты.

"Презентациянын жүрүшүндө кызыкдар тараптар Кыргызстандын компаниясынын продукциялары менен таанышты. Алар менен түз байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду", - деди элчи.