Кыргызстандын балык продукциясы Түркияда тааныштырылды

Коом 11 Февраль 2026 10:03
629284112_122202529718341273_6412964784506833749_n.jpg
631425576_122202529856341273_3858138008069818071_n.jpg
633921463_122202529712341273_3671913072483095965_n.jpg
Алдыга
Артка
629284112_122202529718341273_6412964784506833749_n.jpg
631425576_122202529856341273_3858138008069818071_n.jpg
633921463_122202529712341273_3671913072483095965_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. 4-8-февралда Түркиянын Анталия шаарында суу биоресурстарын өстүрүү боюнча XI илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча I эл аралык көргөзмө өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөгө Кыргызстандын төмөнкү балык чарба субъекттери катышты:

  • "Аква Пром" ЖЧК;
  • "Эфтар Агро Комплекс" ЖЧК;
  • "Салих и Ко" ЖЧК;
  • Тоют продукциясын сунуштаган BioJem заводу.

Аталган субъекттер көргөзмөдө өз продукцияларын көрсөтүштү. Алардын арасында: балык жана деңиз азыктары, анын ичинде форель икрасы жана ышталган балык азыктары, аквакультура үчүн атайын тоюттар.

"Аквакультура туруктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторлорунун бири, ошондой эле жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун багыты катары каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, семинар алгачкы жолу эл аралык көргөзмө менен биргеликте өткөрүлүп, көптөгөн өлкөлөрдөн катышуучуларды, илимдин, бизнестин, инвесторлордун, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.