Бишкек, 27.09.26. /Кабар/. Россиянын Чебаркуль полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Машыгуулардын алкагында "Өз ара аракеттенүү–2026", "Издөө–2026" жана "Эшелон–2026" иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Аларга Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти катышууда. Контингенттин курамында КР Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчылары да бар.
Машыгуулардын ачылыш аземине ЖККУнун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А. Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Мирлан Тургунбеков, аскердик контингенттердин жетекчилери жана өздүк курамы катышты.