Киберкоопсуздук жана жасалма интеллект: Сурабалдиева ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү

Жогорку Кеңеш 16 октябрь 2026 11:00
image1.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын координациялык кеңешмесине видеоконференция форматында катышты.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында жамааттык коопсуздукту камсыздоонун, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарды эске алуу менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдык базасын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Элвира Сурабалдиева координациялык кеңешме тажрыйба алмашуу, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана заманбап коркунучтарга каршы күрөшүүдө бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Ошондой эле ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы тарабынан моделдик мыйзам актыларын жана сунуштамаларды иштеп чыгуу аркылуу улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү, аларды уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына киргизүү өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.

“Азыркы шартта киберкоопсуздук, маалымат мейкиндигин коргоо, жасалма интеллект технологияларын колдонуу жана биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда”, – деди Сурабалдиева.

Ошону менен катар аталган багыттар боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүү жамааттык коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөөгө, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдө макулдашылган мамилелерди калыптандырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады. 

Жыйынтыгында Элвира Сурабалдиева кеңешменин катышуучуларына жемиштүү иш жана конструктивдүү диалог каалап, ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерине ишенерин билдирди.